• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл Нарын облусунда 6 миң 200 окуучу 1-класска барат

Аймак 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Быйыл Нарын облусунда 6 миң 200 окуучу 1-класска барат. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Семетей Черикбаев билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда 142 мектеп бар.

"Учурда класс жетекчилер ПЧР-анализ тапшырып жатышат. Ал иш бүтөйүн деп калды. 1-класстын балдары үчүн балдардын беткабы керек экен. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн фондунан беткап тигүү үчүн 100 миң сом бөлүндү. Жакында 1-класстар үчүн беткаптар акысыз таратылат. Алар коп жолу колдонулуучу беткаптар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий