• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл окуучуларга бирдиктүү форма кийүү талабы коюлабы? Министрликтин жообу

Билим 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Быйылкы окуу жылында окуучуларга бирдиктүү форма кийүү талабы коюлбайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өлкөдөгү эпидкырдаалга байланыштуу менчигинин түрүнө карабастан баардык билим берүү уюмдарында окуучулардын бирдиктүү мектеп формаларын талап кылбоо чечими кабыл алынды.

"Тиешелүү буйрукка кол коюлуп, баардык региондорго жөнөтүлдү", - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий