• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл оор атлетика боюнча дүйнө биринчилиги Түркмөнстанда өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.04.18 /Кабар/. Быйыл 28-октябрдан 10-ноябрга чейин Ашхабадда оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн спортчулар катышат.

Эл аралык оор атлетика федерациясынын (IWF) аткаруу комитети былтыр ноябрда дүйнө биринчилигин Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөрүү чечимин кабыл алган.

Алгач чемпионат Перунун борбору Лимада өтүшү керек болчу. Бирок Перу тарап мелдештерди өткөрүүдөн баш тартып, ал укукту башка өлкөгө берүүгө даяр экенин билдирген.

Былтыр сентябрда Түркмөнстан Уруш искусстволору боюнча жабык имараттардагы V Азия оюндарын өткөргөн. Түрдүү маалыматтар боюнча, анда өлкө спорттук имараттарды жана инфраструктура куруу үчүн 10-15 миллиард доллар короткон.​

Пикир

Оставить комментарий