• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл сегиз айда 132 млрд 329 млн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Быйыл сегиз айда 132 млрд 329 млн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал билдиргендей, сегиз айдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба тармагынын ИДПдагы үлүшү 12,9%ды түздү.

"Быйыл сегиз айда 132 млрд 329 млн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү. Өсүү 101,8%ды түздү. Анын ичинен мал чарбасы 71 млрд 357 млн сом, өсүмдүк өстүрүүчүлүк 56 млрд 999 млн сомду түздү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий