• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Быйыл сегиз айда мамлекеттик карызды төлөөгө 20 млрд сомдон ашык каражат сарпталды

Экономика 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Быйыл сегиз айда мамлекеттик карызды (тышкы жана ички карыз) төлөөгө 20 млрд сомдон ашык каражат сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, тышкы карызды төлөөгө 8 млрд 852,1 млн сом, ал эми ички карызды төлөөгө 11 млрд 188,3 млн сом сарпталган.

Мамлекеттик тышкы карыз:

- Негизги сумма – 6 млрд 454,6 млн сом;

- Пайыздары – 2 млрд 397,5 млн сом;

Бардыгы: 8 млрд 608,3 млн сом

Мамлекеттик ички карыз:

- Негизги сумма – 8 млрд 340 млн сом;

- Пайыздары – 2 млрд 848,3 млн сом;

Бардыгы: 11 млрд 188,3 млн сом.

Жалпы карыз:

- Негизги сумма – 14 млрд 794,6 млн сом;

- Пайыздары – 5 млрд 245,8 млн;

Бардыгы: 20 млрд 40,4 млн сом

Пикир

Оставить комментарий