• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Быйыл социалдык объекттердин курулушуна 695 млн сом каралган - Кокочаров

Коом 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Быйыл социалдык объекттердин курулушуна 695 млн сом каралган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылга карата капиталдык салымдар беренеси боюнча 1 млрд 117,7 млн сом каралган.

"Анын ичинен 129 социалдык объекттин курулушуна 695 млн сом, таза суу менен камсыздоо объекттерине 200 млн сом, капиталдык оңдоо керектелген 12 объектке 30,5 млн сом, социалдык объекттердин долбоорлоо иштерине 5 мнл сом жана бирдиктүү депозиттик эсептин эсебинен курулуп жаткан 3 мектепке 110,9 млн сом каралган. Андан тышкары өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймагындагы объекттерге 76,2 млн сом каралган. Бүгүнкү күнгө чейин 909,5 млн сомго каржылоо ачылган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий