• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл сугат суу берүүдө көйгөй болбойт – Алмаз Сокеев

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Сокеев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында бул жылы сугат суу берүү боюнча көйгөй болбой турганын билдирди.

Анын айтымында, сугат суу берүүгө даярдык иштери өткөн жылдын ноябрь айында эле башталып, быйылкы жылы май айында аяктады.

“Бизге бул үчүн акча каражаты бөлүнгөн, Финансы министрлиги тарабынан кармалуулар жок. Биздин суу каналдар чындыгында эски, 90-жылдары курулган, бирок жылына аларды реконструкциялап, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, суу берүүгө даярдап келебиз. Мисалы, бөлүнгөн 1 млрд сомдон ашуун каражат калыбына келтирүү иштерине жумшалды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий