• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл сугат суу көйгөйүнөн улам Казакстанга суу аз берилди – Жаныбеков

Коом 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Чу дарыясындагы сууну эки өлкөгө бөлүштүрүү келишими боюнча - Кыргызстанга 58%ы, Казакстанга 42%ы берилиши керек. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, бул жылы сугат суу көйгөйлөрүнө байланыштуу Казакстанга суу аз бөлүштүрүлдү. «Алар дагы биздин абалыбызга түшүштү. Айыл чарба министрлиги дыйкандарды сугат суу менен камсыздоого аракет кылды»,-деди министр.

Өз кезегинде Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев билдиргендей, бул жылы казак тарапка 15%дан көп эмес суу берилген. «Бирок, өзүбүз дагы сугат суу менен толук камсыздай алган жокпуз»,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий