• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл Талас облусунда 5 миң 525 бала 1-класска барды

Аймак 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Быйыл Талас облусунда 5 миң 525 бала 1-класска барды. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда 1-класстын окуучуларына гана мектепке келип окууга уруксат берилген.

Анын айтымында, сабактар дарыгерлер тарабынан белгиленген алгоритмге ылайык өткөрүлүп жатат.

"Кум-Арык айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн көмөкчү мектеп-интернаты бар. Ал жакта билим алган 78 балага толук кандуу окуусуна Билим берүү министрлиги тарабынан уруксат берилди. Ошондой эле Чалдыбар мектеп-интернатына да толук кандуу окуу жүргүзүүсүнө уруксат берилди. Ал жакта аз камсыз болгон жарандардын балдары окушат. Бүгүнкү күнү 100гө жакын бала окуп жатат. Негизи ал жерде 150 бала билим алат. Калган балдар да жакын арада окууга келет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий