• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл Тажикстанда 420 миң тоннадан ашык пахта жыйноо пландалууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Быйыл Тажикстанда 420 миң тоннадан ашык пахта жыйноо пландалууда. Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттиги жазат.

Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылы пахта тиккен чарбалар пахтанын түшүмүн 5%га көбөйтүүнү көздөп жатышат. Былтыркы жылы Тажикстанда 400 миң тоннадан ашык пахта жыйналган. 2018-жылга караганда ал 100 миң тоннага көп болгон. 2019-жылы пахта тигилген жердин аянты 185,5 миң гектарды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий