• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каттоо кызматы: Быйыл тогуз айда дээрлик 137 миң айдоочулук күбөлүк берилди

Коом 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Быйыл тогуз айда Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жарандарга 136 миң 997 айдоочулук күбөлүк (улуттук үлгүдөгү) берилген. Ал эми өткөн жылы 93 миң 648 айдоочулук күбөлүк берилген.

Каттоо кызматы билдиргендей, унаа ээлерине 280 миң 766 мамлекеттик номер берилген. Былтыр - 373 миң 708 мамлекеттик номер.

Унаа каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктү 170 миң 537 жаран алган (2019-жылдын тогуз айында 176 миң 255).

Эл аралык айдоочулук күбөлүктү 784 жаран алган (2019-жылы 605).

Пикир

Оставить комментарий