• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл токой чарбасын өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражат эки эсеге көбөйдү - Ырсалиев

Коом 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында быйыл токой чарбасын өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражат эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Токой чарба кызматынын директорунун орун басары Бактыбек Ырсалиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин токойду өнүктүрүүгө жылына 70-80 млн сомдун тегерегинде бөлүнүп келсе, быйылтан баштап каржылоонун көлөмү эки эсеге чейин көбөйдү.

“Себеби президентибиз өзү “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн баштап, эл аралык жыйындарда тоо-токой системаларын сактоого артыкчылыктарды коюп атат. Учурда токой чарбасын өнүктүрүүгө жакшы көңул бурулуп, каражаттар убагында бөлүнүүдө”, - деди ал.

Ал белгилегендей, Токой чарба кызматы токой тармагын өнүктүрүүнүн бардык багыттары боюнча GIZ, Дүйнөлүк банк, БУУ/ФАО, БУУӨП, JICA, KOICA, AFoCO сыяктуу эл аралык уюмдар менен кызматташат.

Пикир

Оставить комментарий