• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл Транспорт министрлиги 669 жаңы техника сатып алат

Коом 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Быйыл Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 669 жаңы техника сатып алат.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдаланыла турган жаңы техникалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынмакчы.

2015-2023-жылдар аралыгындагы алынган техникалардын көрсөткүчтөрү:

- 2015-жылы Япония өкмөтүнүн JICA долбоору аркылуу 355 техника жардам катары келген;
- 2016 жана 2017-жылдары жетиштүү деңгээлде техника сатып алынган эмес;
- 2018-жылы япониялык компания JICA тарабынан гранттык негизде Isuzu базасында алты автоустакана бөлүнүп берилген;
- 2019-жылы 46 техника насыяга алынган;
- 2020-жылы техника алынган эмес;
- 2021-жылы аз санда гана техника алынган;
- 2022-жылы 32 техника алынган. Ага жалпы 2 млн 353 миң доллар бөлүнгөн;
- 2023-жылы мамлекет 669 жол куруу техникасын сатып алат.

Пикир

Оставить комментарий