• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл велосипедчен адамдар катышкан 17 жол кырсыгы катталды

Коом 0


Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Жыл башынан май айына чейин Бишкек шаарынын аймагында велосипед тепкен жарандар катышкан 17 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан 18 жаран ар кайсы жаракаттарды алышкан.

“Жол кырсыктарына велосипед тепкен жарандардын жол эрежелерин так сактабагандыгы себеп болууда. Ошондуктан Милициянын кайгуул кызматы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында велосипед тепкен жарандарга карата эскертме ролик даярдады”, - деп айтылат маалыматта.

Велосипед толук кандуу унаа эмес, ошондуктан велосипедчен адам атайын велосипед трассалары боюнча же жүрүүчү бөлүктүн четинде жүрүүгө тийиш.

Велосипед айдагандарга төмөнкү эрежелерди так сакташы керектиги көрсөтүлгөн:

– бир колу эмес, сөссүз эки колу менен велосипедди башкаруу;
– жаш балдарды муктаждык болбосо кошумча орунга отургузбоо;
– велосипед менен кошумча жүк ташыбоо;
– жеке коопсуздук үчүн башка жөө жүргүнчү жана унаа башкарып келе жаткан айдоочуларга жолтоо болбош үчүн жөө адамдар өтүүчү жайлардан өтүүдө велосипедден түшүп жетелеп өтүү;
– түнкү убакта жүргөн учурда атайын жарык берүүчү чыптамалар менен же жарыктандыруучу шаймандарды колдонуу.

Пикир

Оставить комментарий