• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Быйыл Ысык-Көл облусунда 42 жол кырсыгы катталып, андан 13 адам набыт болгон

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Быйыл Ысык-Көл облусунда 42 жол кырсыгы катталып, андан 13 адам набыт болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, ылдамдыкты туура эмес тандоо көп учурда жол кырсыктарынын башкы себеби болуп калууда.

Алсак, 2021-жылдын 11 айында облустун аймагында ылдамдыктын эрежеси сакталбагандыктан 42 жол кырсыгы катталып, жалпы жол кырсыктарынын 9,6 пайызын түздү. Натыйжада 13 адам каза болуп, жалпы жол кырсыктарынан каза болгондордун санынын 10,6 пайызына жеткен. Ал эми 39 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканаларга жаткырылган. Ылдамдыктын эрежесин сактабангандыгы үчүн 9 миң 246 протокол түзүлүп, 10 млн 117 миң 500 сом айып салынган.

- Айдоочу байкай алган кыймыл үчүн коркунуч келип чыккан учурда ал транспорт каражатын дээрлик токтотууга чейин ылдамдыкты азайтуу үчүн мүмкүн болгон чараларды көрүүгө тийиш.

- Калктуу конуштарда транспорт каражаттарынын 60 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен жүрүшүнө уруксат берилет.

- Калктуу конуштардан тышкары жерлерде төмөнкүдөй кыймылга уруксат берилет:

• жеңил автомобилдер жана уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу автомобилдер - 110 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен, калган жолдордо - 90 км/сааттан ашпайт, ушул пункттун тогузунчу абзацында каралган учурлардан тышкары;

• шаарлар аралык жана өзгөчө чакан автобустар жана мотоциклдер бардык жолдордо - 90 км/сааттан ашпайт;

• башка автобустар, сүйрөгөн чиркегичи бар жеңил автомобилдер, уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпаган жүк ташуучу автомобилдер автомагистралдарда - 90 км/сааттан ашпайт, калган жолдордо - 70 км/сааттан ашпайт;

• адамдарды кузовуна салып ташыган жүк ташуучу автомобилдер - 60 км/сааттан ашпайт;

• механикалык транспорт каражаттарын сүйрөгөн транспорт каражаттары - 50 км/сааттан ашпайт;

• коркунучтуу, өтө оор жана ири габариттүү жүктөрдү ташыган транспорт каражаттары - ташуунун шарттарын макулдашкан учурда милдеттендирилген ылдамдык менен.

Айдоочуга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

• транспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөсүндө аныкталган максималдуу ылдамдыктан ашырууга;

• транспорт каражатына орнотулган "Ылдамдыкты чектөө" деген аныктоо белгисинде көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырууга;

• зарылчылык болбой туруп өтө жай ылдамдыкта жүрүү менен башка транспорт каражаттарына тоскоолдук кылууга;

• жол - транспорт кырсыгын четтетүү зарыл болбогон учурда кесип тормоз берүүгө.

Пикир

Оставить комментарий