• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл Өзбекстандын президенти чет өлкөлөргө 36 сапар жасайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.01.19 /Кабар/. Быйыл Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чет өлкөлөргө 36 сапары пландалган. Бул тууралуу Эл аралык пресс-клубдун төрагасы Шерзодхон Кудратхужаев билдирди.

20-январда мамлекет башчы экинчи чет өлкөлүк сапарынын алкагында Германияга барды. Берлинде ал өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, канцлер Ангела Меркель жана Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбл менен жолугат.

Мирзиёев 2019-жылкы чет өлкөлүк сапарларын Индиядан баштаган. 17-18-январь күндөрү ал «Динамикалык Гужарат — 2019» деп аталган IX эл аралык инвестициялык саммитке катышкан.

Алдыда өзбек президенти Бельгияга, Канадага, Жапонияга, Болгарияга жана Беларуска барат деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий