• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл Жалал-Абад облусунда көп балалуу 176 эне “Баатыр эне” орденин алышты

Аймак 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. 2021-жылы Жалал-Абад облусундагы көп балалуу 176 энеге “Баатыр эне” ордени жана 93 энеге “Эне даңкы” медалы ыйгарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Учурда орден жана күбөлүктөр облустун бардык район-шаарларындагы жергиликтүү бийлик тарабынан ээлерине тапшырылууда.

“Быйыл Жалал-Абад облусу боюнча аталган наамдарды алууга жалпы 272 сунуш келип түшкөн. Алардын ичинен 3 сунуш мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынан өткөн эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 7 же андан көп баласы бар жана аларды багып, тарбиялаган энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйлана алышат. Ал эми 6 балалуу энелерге “Эне даңкы” ордени тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий