• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Быйыл Жалал-Абад облусундагы 18 айылга таза суу жеткирилет

Аймак 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. 2020-жылга карата республикалык бюджеттин каржылоосунда 18 айылга ичүүчү таза суу жеткирүү иштери бүткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ислам Өнүктүрүү банкынын каржылоосунда АРИС аркылуу Токтогул районунун Кара-Тектир айылынын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо иштери 80 пайыз, Үч-Терек 80 пайыз, Базар-Коргон районундагы “Гөлөгөн” 47 пайыз, “Чарбак” чакан долбоорунун курулушу 29 пайызга аткарылды.

Дүйнөлүк банктын каржылоосунда Кербен шаарынын суу тутумдарын реабилитациялоо жумушу 90 пайызга бүткөрүлүп жыл аягына чейин пайдаланууга берилмекчи. Ири суу долбоорлорунун алкагында Жалал-Абад шаарынын ичүүсү суу жана канализация тутумдарын реаблитациялоонун 2-фазасы башталат. Учурда консультанттар тандалып алынып, курулуштун долбоору даярдалууда. Ал Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 9 миң 275 миң еврону түзөт.

Пикир

Оставить комментарий