• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо баллы 123тү түздү

Коом 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо баллы кошумча турду эсепке алганда 123тү түздү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жылы тестирлөөгө катышкан мектеп окуучуларынын саны арткан.

Тестирлөөгө жалпы 44 миң 289 окуучу катышып, 62%дан ашыгы 110 баллдык баскычты өтө алган.

Ал эми былтыр, босого баллды 57% окуучу, төрт жыл мурда 47% окуучу өткөн.

Ошондой эле, акыркы эки жылда аймактарда билим алган окуучулардын арасында тестирлөөдө жетиштүү балл ала алган балдардын саны көбөйгөн.

Алтын сертификаттардын 60%ын аймактык мектептердин окуучулары алышкан. Тестирлөөдө эң жогорку баллды Жалал-Абаддык окуучу алган.

Пикир

Оставить комментарий