• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Быйыл жарым жылда 19,7 млрд сомго мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Быйыл жарым жылда 19,7 млрд сомго мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Каржы министрлигинен билдиришкендей, быйыл жарым жылда Мамлекеттик сатып алуулар департаметинин порталында 4 миң 59 сатып алуучу уюм жана 27 миң 527 буйрутма аткаруучу компания катталган. Сатып алуучу уюмдар тарабынан 22,4 млрд сомго товар, кызмат сатып алуу үчүн 41 миң 141 сынак жарыяланган. Алардын ичинен 18 млрд сомго 19 миң 161 сынак ийгиликтүү өткөрүлгөн. 18 млрд сомдун ичинен 13 млрд сом товар, 3,3 млрд сом жумуш жана 1,7 млрд сом кызмат сатып алууга кеткен.

Ошондой эле Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар киргизилгендигине байланыштуу "Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу" мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пункту боюнча товар, жумуш жана кызматтарды сатып алууга 1,73 млрд сом сарпталган.

"1-июлга карата республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер 11 миң 11 сынак боюнча 6,6 млрд сомго, жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер 6 миң 254 сынак боюнча 2,9 млрд сомго, 50% мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор 1 миң 302 сынак боюнча 5,1 млрд сомго, мамлекеттик ишканалар менен мамлекеттик мекемелер 1 миң 918 сынак боюнча 3,4 млрд сомго келишим түзгөн", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий