• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Быйыл жарым жылда жарандарга 16,1 млрд сом чакан насыя берилген

Экономика 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Быйыл жарым жылда микрокредиттик уюмдар тарабынан жарандарга 16 млрд 114,7 млн сом чакан насыя берилген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитети билдиргендей, быйыл жарым жылда чакан насыя алгандардын саны 382,8 миң адамды түзгөн. Былтыркы жылга караганда насыя алгандардын саны 30%га өсүп, насыя 17,3%га көп берилген.

Чакан насыялардын көбү Ош (3 млрд 653,8 млн сом, же берилген насыялардын 22,7%ы) жана Жалал-Абад (2 млрд 563,5 млн сом же 15,9%ы) облустарында, Бишкек шаарында (2 млрд 248,6 млн сом же 14%ы) жана Чүй (2 млрд 60,3 млн сом же 12,8%ы), Ысык-Көл облустарында (1 млрд 798,6 млн сом же 11,2%ы) берилген.

Чакан насыялардын 34,9%ы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 25,8%ы керектөөчүлүк муктаждыктар үчүн, 10,4%ы соода жана коомдук тамактануу тармагы үчүн алынган.

Пикир

Оставить комментарий