• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл жарым жылда жер астындагы суунун деңгээлине байкоо жүргүзүүчү 55 кудук оңдолгон

Коом 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Быйыл жарым жылда жер астындагы суунун деңгээлине байкоо жүргүзүүчү 55 кудук оңдолгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди.

"Быйыл мелиоративдик абалды жакшыртуу үчүн 70 чакырымдан ашык ачык коллектордук-дренаждык тармакты механикалык жол менен тазалоо, 28 чакырымдан ашык жабык коллектордук-дренаждык тармакты оңдоо жана механикалык жол менен жууп-тазалоо жана жер астындагы суунун деңгээлине байкоо жүргүзүүчү 324 кудукту калыбына келтирүү пландалган. Жыйынтыгында 1 мин 964 гектар сугат жерди мелиоративдик абалы жакшыртылмакчы. 1-июлга карата 20 чакырымга жакын ачык коллектордук жана дренаждык тармакты механикалык жол менен тазалоо жүргүзүлүп, 55 кудук оңдолуп жыйынтыында 390 гектар сугат жердин мелиоративдик абалы жакшыртылды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий