• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Быйыл жети айда 9 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Быйыл жети айда 9 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

"Быйлы 7 айдын ичинде электр энергиясын өндүрүү 9 млрд кВт/саатты түздү. Ал былтыркы жылга салыштырмалуу 102,8 млн кВт/саатка аз. 7 айдын ичинде жылуулук энергиясын чыгаруу 1,5 млн гигакалорияны түздү. Ал 59,7 миң гигакалорияга көп. "Газпром Кыргызстан" компаниясы аркылуу Кыргызстанга 172,5 млн куб метр газ келген. Ал былтыркы жылга караганда 16,4 млн куб метрге аз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий