• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл жети айда банктар аркылуу 370 долбоорго 13 млн доллар берилди - Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду

Экономика 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан быйыл жети айда банктар аркылуу 370 долбоорго 13 млн доллар берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Элмурат Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу фонд үч анткризисттик пакет иштеп чыккан.

"Биринчи пакет боюнча түз каржыланган 68 долбоордун насыясынын мөөнөтү 1 жылга чейин узартылган: алардын ичинен туристтик тармакка 1 жылга чейин, экспорт-импорт менен алектенгендер үчүн 6 айга чейин, башка долбоорлор боюнча 3 айга чейин. Экинчи баскычта биз менен иштешкен банктарга насыянын негизги суммасынын мөөнөттөрү 3 айга чейин узартылды. Үчүнчү баскычта жаңы насыя продукттары иштелип чыкты. Антиковид деген продукт иштелип чыгып, бүгүнкү күнгө чейин ал боюнча 4 насыя берилди", - деди ал.

Анын айтымында, быйыл жети айда фонд 12 долбоорду түз каржылаган.

"Банктар аркылуу 370 долбоорго 13 млн доллар берилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий