• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл жети айда "РСК Банк" тарабынан 7 млрд 65 млн сом насыя берилген

Экономика 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Быйыл жети айда "РСК Банк" тарабынан 7 млрд 65 млн сомго 7 миң 271 насыя берилген. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында "РСК Банк" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Улан Шамкеев билдирди.

Ал билдиргендей, бүгүнкү күнү банктын кредиттик портфели 16 млрд 868 млн сомду түзөт. Ал былтыркы жылдын ушул эле мезгилине караганда 3 млрд 240 млн сомго көп.

"Бүгүнкү күнгө карата 7 млрд 65 млн сомго 7 миң 271 насыя берилди. Былтыр ушул эле мезгилде 4 млрд 917 миң сом насыя берилген", - деди ал.

Анын айтымында, өкмөт тарабынан коронавирустан зыян тарткан ишкерчилик субъекттерин каржылоо үчүн продукт иштелип чыккан.

"Насыя туризм, жеңил өнөр жайы, транспорт, фармацевтика тармактарына, өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишканаларга берилет. Бүгүнкү күнү насыя берилчү тармактардын тизмесин кеңейтүү каралууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий