• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл жети айда Салык кызматы тарабынан 40,4 млрд сом салык жыйналды

Экономика 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Быйыл жети айда Салык кызматы тарабынан 40 млрд 452,3 млн сом салык жыйналды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.

Анын айтымында, июль айында 6 млрд 859,1 млн сом салык жана төлөм жыйналган. Белгиленген план 109,9%га аткарылып, салык 616,1 млн сомго көп чогултулган.

"Быйыл жети айда 40 млрд 452,3 млн сом салык жыйналды. План 90%га аткарылып, салык 4 млрд 489,6 млн сомго аз чогултулган. Белгилей кетсек, январь-февраль айларында салык белгиленген пландын алкагында аткарылган. Бирок коронавируска байланыштуу акыркы беш айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке 6 млрд 417,8 млн сом, ал эми республикалык бюджетке 5 млрд 438,3 млн сом түшпөй калган. Салык кызматы жылдын аягына чейин жылдык планды толук аткаруу боюнча бардык күч-аратетти жумшайт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий