• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл Жети-Өгүз токой чарбасынын 29 гектар аянтына көчөт отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында быйыл Жети-Өгүз токой чарбасынын 29 гектар аянтына көчөт отургузулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, токой чарбанын жашыл аянттарын кеңейтүү максатында, быйыл 25 гектар аянтка көчөт отургузуу пландалган. Бир гектар аянтка 800 даана ийне жалбырактуу көчөт отургузулуп, жалпы аянт 29 гектарды түздү.

Аталган иш-чарага КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана агроном, дыйкандар катышты.

Белгилей кетсек, 2021-жылы 12 гектар жерге көчөт тигилген. 2023-жылы 40 гектарга көчөт отургузуу пландалып, даярдыктар көрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий