• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруу онлайн режиминде өтөт

Билим 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. 2021-жылы жогорку окуу жайларга тапшыруу былтыркыдай онлайн режиминде өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, сынакка катышуу үчүн бүтүрүүчүлөр www.2020.edu.gov.kg веб-сайтындагы “Абитуриент онлайн” автоматтык маалыматтык тутуму аркылуу билдирме бериши керек.

"Аталган сайтта ЖОЖдорго тапшыруу үчүн онлайн-каттоо боюнча бардык маалыматтар камтылган. Катталуу боюнча бардык видео көрсөтмөлөр жүктөлгөн. Абитуриенттер, билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн дагы жеке кабинетке кирүү үчүн логин жана паролдор алынган", - деди ал.

"Учурда порталга республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн 94% катталды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий