• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйылкы күз-кыш мезгилинин модалуу түсү кайсы?

Дүр дүйнө 0


2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилиндеги саркеч түстөрдүн палитрасы өзгөчөлүгү менен айырмаланбайт. Топ-10го күзгү негизги өңдөр кирген, ошого карабастан, коллекция бай жана кымбат көрүнөт. Pantone Leatrice Eiseman берген мүнөздөмө боюнча 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилининин эң модалуу түстөрү төмөнкүлөр: ачык кызыл, кочкул кызыл (бордо), агыш кызгылт (бледно-розовый), саргыч боз, кочкул көк, кочкул жашыл, алтын жашыл, деңиз толкуну түстүү, мала кызгылт сары.


Grenadine (Гренадин)

Ачык, таасирдүү, динамикалуу – эсте кала турган кызыл түс. Бул кышта бул өң айымдардын гардеробунда гана эмес, сумкасында да болушу керек. Тагыраагы, ар бир айымда кызыл помада болушу керек. Бул түстөгү кийимдерди табитиңизге жараша 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилиндеги башка түстөр менен айкалыштырсаңыз болот.

Tawny Port (Алтын түстүү портвейн)

Гренадинден айырмаланып Tawny Port кыйла сымбаттуу жана назик көрүнөт. Бул кызыл түстөрдүн катарына кирет. Башка түстү аралаштырбаган шартта да мыкты көрүнөт. Бирок, кааласаңыз аны быйылкы сезондун башка саркеч түстөрү менен аралаштырсаңыз болот. Бул түс менен романтикалуу образдан иштиктүү келбетке чейин түзүүгө мүмкүн.

Ballet Slipper (Агыш кызгылт)

Мода ачык, чаңкайган кызгылтка көнүп калган. Бирок Ballet Slipper түсү күз-кыш мезгилинде гардеробго саркечтик алып келиши мүмкүн. Андыктан бул түстөгү кийимдерди тайманбай ала берсеңиз болот.

Butterum (Саргыч боз)

Бул кеңири колдонуудагы түстөр саркечтигин жоготпой келишет. Butterum суук мезгилдин саркеч түстөрүнүн бири.

Navy Peony (Деңиз пиону)

2017-2018 күз-кыш мезгили кыйла салттуу жана токтоо болушу керек. Кочкул көк түстөгү кийимдер саркечтикти тандагандар үчүн - идеалдуу тандоо.

Neutral Gray (Нейтралдык боз)

Туруктуулук, сабырдуулук жана кандайдыр бир деңгээлде катуулук менен окшоштурулган дагы бир түс Neutral Gray. Түс Институтунун бүтүмү боюнча күздүн модалуу өңдөрүнүн бири. Айымдар баштан аяк бул түстө кийинип, же ушул түстөгү кандайдыр бир кооздук буюмун тандап алышса да болот. Күнүмдүк, иштиктүү образдарды жаратууда бул түс абдан ылайыктуу.

Shaded Spruce 2017-жылдын негизги түсү аталган. Анын жупунулугу күзгү тынчтыкты чагылдырып турат. Башка түстөр менен табитке жараша айкалыштырып, бул түстөгү аксессуарлар түрүндө да колдонууга болот.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий