• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйылкы күзгү түшүмдөр тышкы базарларга чыгат – Ниязов

Экономика 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Кыргызстандагы күзгү түшүмдөр быйыл тышкы базарларга чыгат. Бул тууралуу “Кыргызстандын Фондулук биржасы» ЖЧКнын (КФБ) президенти Назар Ниязов билдирди.

Анын айтымында, КФБсы универсалдуу биржа аталышын алууда, ошондо “фондулук” деген аталыш жок болот.

“Учурда айыл-чарба азыктарынын дүйнөлүк көлөмү дээрлик 55% түзөт. Биз бардыгыбыз – айыл-чарба азыктарынын керектөөчүлөрүбүз. Азыр биздин базарда эмне болуп жатат? Сатуучулар азыктарды сатып алып, кайрадан алардын үстүнө 100% “кошуп” сатат. Ошентип, бул сатып алуучулардын акчасына таасир берет, ал эми өндүрүүчү акчасыз калат. Жыйынтыгында ага үрөөндү же болбосо керектүү техниканы алуу үчүн каражат жетишпей калат”, - деп билдирди ал.

Ниязов кошумчалагандай, ага байланыштуу биржада товардык секция түзүү чечими кабыл алынган. Биржа институттары аркылуу Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктарды сатуудагы баа жана экспорттук азыктарынын көлөмү жөнүндө маалыматты так көрүүгө болот.

“Биржанын милдети – арачыларды жок кылып, азыктарды түз сатуу жана сатып алууга мүмкүндүк берүү. Чет жак тараптан суралган азыктардын керектүү көлөмүн чогултуу үчүн атайын логистикалык борбор түзүү керек”, - деп кошумчалады Назар Ниязов.

Пикир

Оставить комментарий