• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Быйылкы окуу жылы качан аяктай тургандыгы маалым болду

Билим 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрилигинен быйылкы окуу жылы качан аяктаарын айтып беришти.

Маалыматка ылайык, жалпы билим берүү уюмдары март айында каникулга эрте чыккандыгына, май айындагы майрамдарга байланыштуу жана окуучулар программаны толук түшүнүп өздөштүрүшү үчүн быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт.

Эске салсак, төртүнчү чейрек мектептерде аралыктан окутулду. 5-6-7-8- жана 10-класстар үчүн быйыл көчүрүү сынактары болбойт. 9чу жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик аттестациядан өтүү форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет.

Ал эми ЖРТ 20-25-июнда мурдагыдай эле форматта өтөт. Азыр каттоо жүрүүдө. ⠀

Пикир

Оставить комментарий