• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйылкы жалпы республикалык тесттин качан өтөрү белгилүү болду

Билим 0


Бишкек, 16.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылы жалпы республикалык тест 23-28-майга чейин өткөрүү болжолдонууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, тестирлөөгө катталуу онлайн жана кадимки тартипте өтөт.

“Өлкө боюнча 120га жакын тест борбору ачылат. Эгерде абитуриент 16 жашка чыгып, бирок колунда паспорту жок болсо, ЖРТга каттала албайт. Ал үчүн тест күнүнө чейин паспорт алышы керек”, - дейт ал.

Батракеева 2021-жылы тестти 44 миңден ашык абитуриент тапшырганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2022-жылы мектептердеги окуу жылы 8-июнда аяктап, 9-июнда акыркы коңгуроо кагылат.

Пикир

Оставить комментарий