• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйылкы жылдын 5 айында чыгашалар былтыркыга караганда 2 млрд 867 млн сомго көп болду – Каржы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Быйылкы жылдын 5 айында чыгашалар былтыркыга караганда 2 млрд 867 млн сомго көп болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары – Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков билдирди.

Анын айтымында, быйыл 5 айдын жыйынтыгы менен 40 млрд 996 млн киреше чогултулган.

“Ал өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 11 млрд 199 млн сомго аз. Чыгашалар 54 млрд 348 млн сомду түздү. Былтыркы жылга караганда чыгаша 2 млрд 867 млн сомго көп болду. 5 айдын жыйынтыгы менен бюджеттин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий