• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйылтан тартып кургакчылык күтүлүүдө, ал 3-5 жылга чейин созулушу мүмкүн – Боронов

Коом 0

Бишкек. 18.05.19 /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов быйылтан тартып Кыргызстанда жарды суу айлампасы башталганын, ал 3-5 жылга чейин созулушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал «Республика – Ата-Журт» фракциясында тоо-кен, энергетика тармактарынын азыркы абалы жана аларды өнүктүрүү жолдору боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

"Мындан улам, суу сактагычтарда суу кыйла азаят, – деди Боронов. – Биз Токтогул суу сактагычында 13,6 млрд куб/метр суу топтолорун болжогонбуз, азыр анда 15 млрд куб/метр суу бар".

"Бирок, баары бир сунунун көлөмү былтыркыга жетпейт. Биз азыр энергетика тармагын реформалап жатабыз. Ал аяктаганга чейин мурдагы тариф менен эле иштеп турабыз", - деди вице-премьер.

Эске салсак, 2018-жылы Токтогул суу сактагычына 19,3 млрд. куб метр суу толгон. Суу сактагыч 20 млрд. куб метрге чейин суу батыра алат.

Пикир

Оставить комментарий