• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Былтыр 1,5 миңден ашуун адам турак жай кооперативинин курмандыгы болгон. Зыян 902 млн сомго жакын

Коом 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. 2022-жылы турак жай кооперативдерине байланыштуу алдамчылык фактылары боюнча жалпысынан 1 миң 524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 284 кылмыш иши соттук кароого жиберилген. "Жалпысынан 1 миң 524 адам жабырлануучу болуп табылган, келтирилген материалдык зыян 901 млн 726 миң 29 сомду түзөт. Учурда 108 млн 855 миң 713 сом өндүрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Бардык козголгон кылмыш иштери ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде тергелип, сотко жиберилди, учурда калган кылмыш иштери боюнча тергөө улантылууда.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 12 айына карата турак жай кооперативдери тарабынан алдамчылык фактылары менен жалпысынан 16 турак жай кооперативине арыз-даттануулар келип түшкөн. Алар: “Ак үй КЖ”, “Жилье Гарант” , “Элдик Групп”, “Ихсан Групп ЛТД”, “Береке ЛТД”, “Дарим хаус”, “Ордо-Мурас”, “М строй групп”, “С-Лайн”, “Биринчи турак-жай кооперативи”, “Ансар”, “Ипотека”, “МПК коператив”, “Нью миленниум”, “Эл биримдиги”.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы турак жай алуудагы ар түрдүү багытта алдамчылыктар бар экендигин эскертип, жарандарды сак болууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий