• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Былтыр 11 миңден ашуун жаран акыйкатчыга кайрылган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) 2028-жылдагы иши боюнча баяндамасы 2019-жылдын март айында угулмак, бирок кандайдыр бир себептерден улам ушул кезге чейин соӊдугуп келди. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку Кеӊеште 2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндамасы угулуп жатканда билдирди.

Акыйкатчынын айтымында, акыйкатчы институту өлкөдө адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында ырааттуу иш алпарууда. «Өткөн жылы акыйкатчынын борбордук жана анын аймактык бөлүмдөрүнө кат жүзүндө 3237 кайрылуу түшкөн. Булардын 142си жамааттык кайрылуулар болуп саналат. ошондой эле, 6115 адам оозеки түрдө кеңештерди алышкан. Кайрылгандардын жалпы саны 11260 адамды түздү. Бир дагы кайрылуу көңүл буруусуз калган жок», - деди ал.

Акыйкатчы ар бир кайрылуу боюнча текшерүүлөр жүрүп, тиешелүү органдарга каттар жолдонгонун, арыз ээлерине адистер тарабынан сунуштар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, натыйжада көптөгөн арыз ээлеринин укуктары калыбына келтирилгенин билдирди. «Көрүнүп тургандай, жарандардын кайрылууларында 63 пайызы сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине байланыштуу болууда», - деди Токон Мамытов.

Андан тышкары, 2018-жылы оң жагына чечилген маселелер 13,2 пайызды түзгөнү, же болбосо 376 жарандын кайрылуусунда айтылган өтүнүчтөр канааттандырылганы белгилүү болду. Ошондой эле, акыйкатчынын аппарат кызматкерлери арыздануучулардын өтүнүчү менен 1203 соттук отурумдарга катышкан.

Пикир

Оставить комментарий