• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Былтыр 110 млрд сомдон ашуун суммага багбанчылык продукциялары өндүрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. 2019-жылдын январь-декабрында 110 485,1 млн сом суммасына багбанчылык продукциялары өндүрүлүп, өсүш темпи 102,6% түзгөн. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

2019-жылдын январь-декабрында 2018-жылга салыштырмалуу эгиндин дүң жыйымы 2,3% көбөйүп, 1781,4 миң тоннаны түзөт. Ошону менен бирге өндүрүштүк эгинди жоготуулардын кыскарышы байкалууда.

Арпанын дүң жыйымы 465,9 миң тоннаны түзүп, 2018-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу 8,5% өскөн. Бул арпа талаасынын 7,6% (206,4 миң га), ошондой эле түшүмдүүлүк 22,7 ц/га чейин жетип, өсүш 0,3 ц/га түздү.

Жүгөрү аянты 2019-жылы 106,4 миң га түзгөн, бул 2018-жылга караганда 1,2% көп. Жүгөрүнүн дүң жыйымы 711,8 миң тоннаны түзүп, 2018-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу 2,7% түздү. Түшүмдүүлүк 66,1 ц/га жетип, 6,8% өскөн.

Чанактуу дан өсүмдүктөрү 62,2 миң гектар аянтка айдалып, 2018-жылга караганда 0,9% көбөйгөн. Дүң жыйым 108,6 миң тоннаны түзүп, түшүмдүүлүк 17,4 ц/га болгон. Өндүрүштүн өсүш темпи 101,8% болду.

2019-жылы пахта 24,4 миң га жерге айдалып, өткөн жылдан 6,1% көп болгон. Пахтанын дүң жыйымы 80,2 миң тоннаны түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 7,4% өскөн. Белгилей кетсек, өндүрүштүн өсүүсүнө жана пахта тармагын өнүктүрүүгө 2017-жылдан бери ишке ашырылган 2017-2021-жылдары Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүү концепциясы шарт түзөт.

2018-жылга салыштырмалуу мөмө-жемиштердин дүң жыйымы өсүп, 269,5 миң тоннаны түзгөн (2018-жылга караганда өсүш 7,2%). Жүзүмдүн дүң жыйымы 8,8 миң тоннаны (түшүм 2018-жылга салыштырганда 0,9% өскөн) түздү.

Пикир

Оставить комментарий