• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Былтыр 14 миңден ашык кишиге квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөн — Жаманкулов

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. 2019-жылы 14 441 кишиге квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу юстиция министри Марат Жаманкулов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, адвокаттардын жардамы менен соттор алгачкы жолу 8 актоо өкүмүн чыгарышты.

"Эгерде мурда буга бюджеттен 16-20 млн сом бөлүнсө, 2019-жылы адвокаттардын көрсөткөн кызматы үчүн 77 млн сом бөлүнгөн. Калкка кылмыш иштери боюнча гана эмес, жарандык жана административдик иштер боюнча да акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүүдө", - деп маалымдады Жаманкулов.

Ошондой эле Марат Жаманкулов белгилегендей, укуктук системаны жана анын элементтерин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо максатында укуктук саясаттын Концепциясынын долбоору иштелип чыгууда. Өлкөдө укук үстөмдүгүн камсыз кылуу максатында 2020-2030-жылдарга карата Юстиция органдарын өнүктүрүү программасынын долбоору иштелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий