• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Былтыр 645 миңге жакын адамга 37 млрд сом өлчөмүндө микрокредит берилген

Экономика 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. 2021-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 37 млрд сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 645 миңге жакын адамды түздү.

Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, микрокредит алган калктын саны 2020-жылга салыштырганда 9%га азайды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү тескерисинче дээрлик 19%га көбөйгөн.

Нет описания.

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Ош облусунун (7,8 млрд. сом же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 21,2%ы) жана Бишкек шаарынын (6,7 млрд. сом же 18,2%), Чүй (5,4 млрд. сом же 14,5%) жана Жалал-Абад облустарынын (5,1 млрд. сому же 13,7%) алуучуларына берилген.

2021-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 38,4%ы керектөөчүлүк муктаждыктарына, 28,5%ы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 11,2%ы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө жана 8,4%ы курулушка багытталды.

Максаттар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий