• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Былтыр айыл аймактар менен шаарларда 22 мектеп толугу менен курулуп бүттү – Байдылдаев

Коом 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Былтыр Аймактарды өнүктүрүү жылында айыл аймактар менен шаарларда 22 мектеп толугу менен курулуп бүткөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги жана этностор аралык мамиле иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев билдирди.

Ал белгилегендей, ошондой эле 5 саламаттык сактоо объектиси менен 1 маданий объект ишке берилген.

"Аймактарды өнүктүрүү жылында айыл аймактар менен шаарларда аткарылган иштер боюнча жалпылап айтсак, 22 мектеп, 20 окуу корпусу, 26 спорттук залдар бүткөрүлүп, 6 бала бакча, 8 спортзал жана спорт комплекс, 5 саламаттык сактоо объектиси, 1 маданий объект, 4 суу менен камсыздоо объектилери ишке киргизилди", - деди ал.

Ошондой эле, капиталдык оңдоп-түзөө иштери 27 мектеп, 2 бала бакча, 3 саламаттык сактоо объектиси менен 4 маданият объектисинде бүткөрүлгөн.

"Суу менен камсыздоо тармагында 17 объекти бүткөрүлгөн: Чүй облусу боюнча – 3, Баткен – 1, Жалал-Абад – 1, Нарын – 4, Ысык-Көл – 2, Ош – 5, Талас – 1", - деп кошумчалады Байдылдаев.

Пикир

Оставить комментарий