• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Былтыр «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулун 161,8 миң адам алган

Өкмөт 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан үй-бүлөнүн жана балдардын абалын жакшыртуу боюнча бардык зарыл болгон иш-чаралар ырааттуу түрдө ишке ашырылып келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

2019-жылдын 1-декабрынан тартып үй-бүлөдө үч, же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» дайындала баштады. 2019-жылдан бүгүнкү күнгө дейре 6 үй-бүлөдө төрөлгөн ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку жөлөкпул берилген, бул максатта республикалык бюджеттен 900 миң сом бөлүнгөн.

Ошондой эле 2019-жылы бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду (4000 сом өлчөмүндө) – 161,8 миң адам, ал эми 2018-жылы 90,9 миң адам алган.

2019-жылдын июль айынан тартып «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулун «бирдиктүү терезе» принциби боюнча берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн механизми ишке киргизилди. Мында арыз ээлери кайрылган жерине карабастан төлөмдү банктын каалаган филиалынан ала алат.

Пикир

Оставить комментарий