• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Былтыр балдарга карата жасалган кылмыштар дээрлик 1,5 миңге жеткен

Коом 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылы балдарга карата жасалган 1,5 миңге жакын кылмыш катталды. Бул тууралуу “Балдарга болгон зомбулуктун жана балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө балдардын укугун коргоо, социалдык тармакта мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы бөлүмдүн жетекчиси Аслан Атабиев кабарлады.

Анын айтуусунда, жыл сайын балдарга карата жасалган кылмыштардын саны өсүүдө.

Алсак, 2017-жылы Кыргызстанда 1 миң 107 кылмыш катталган. Ал эми 2016-жылы - 862.

“2017-жылы кылмыштардын саны 28%га өскөн, ал эми 2018-жылы 24%га. Кылмыштардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Талас жана Ош облустарында жасалат. Нарын, Жалал-Абад жана Чүй облустарында бул статистика төмөн”, - дейт Аслан Атабиев.

Пикир

Оставить комментарий