• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Былтыр Бирдиктүү салык декларациясын 493 миңден ашуун салык төлөөчү тапшырган

Экономика 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун алдын ала жыйынтыктарын чыгарды.

МСКнын билдирүүсүнө караганда, 2021-жылдын 16-июнуна карата 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын 493 миң 488 салык төлөөчү тапшырган.

Анын ичинен 160 миң 319 декларация электрондук түрдө берилген.

Декларациянын жалпы санынын ичинен 49 миң 918 – уюмдар, 215 миң 474 – жеке ишкерлер, 122 миң 44 – ишкерлик иш жүргүзбөгөн жеке жактар, 47 миң 753 – салык салынуучу кирешелери жок жеке жактар, 58 миң 299 – мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар. Ошол эле учурда, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык 3 миң 978 такталган декларация тапшырылды.

Мындан тышкары, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпей калган 183 миң 19 жеке жак жана жеке ишкерлер – 2019 жана 2020-жылдар үчүн эки декларация толтуруу менен ушул жылы тапшыруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланышкан.

Эскерте кетсек, декларациялык кампания үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 1-мартына чейин юридикалык жактар жана 1-апрелине чейин жеке жактар үчүн өткөрүлдү. Жеке жактарга: мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, жеке ишкерлер, анын ичинде патент боюнча иштегендер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн ээлери, анын ичинде жер участогу барлар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар кирет.

Пикир

Оставить комментарий