• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Былтыр бюджеттен президент, өкмөт жана Жогорку Кеңешке 2,2 млрд сомдон ашык каражат сарпталган

Коом 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Каржы министрлиги былтыр Жогорку Кеңешке, президенттин, өкмөттүн иш башкармалыгы жана аппараттарына канча каражат чыгымдалганы тууралуу маалымат берди.

Каржы министрлиги билдиргендей, 2019-жылы Жогорку Кеңешке 765 млн сом чыгымдалган. Президенттин аппаратына 151,5 млн сом, өкмөттүн аппаратына 207,6 млн сом, президент менен өкмөттүн иш башкармалыгына 641,6 млн сом сарпталган.

"Ал чыгымдар Жогорку Кеңеш, президент жана өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлеринин айлыктарына гана эмес, ал мекемелердин жалпы чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө кеткен", - деп билдирет Каржы министрлиги.

Андан тышкары мамалекеттик маанидеги чыгымдарга 481,1 млн сом кеткен. Анын ичинде экс-президенттерге 0,8 млн сом, мамлекеттик сыйлыктарга 8,1 млн сом жана саммиттерди өткөрүүгө 472,1 млн сом сарпталган.

"2019-жылы президенттин аппаратына, өкмөттүн аппаратына, президент менен өкмөттүн иш башкармалыгына жалпы 1 млрд 481,8 млн сом, Жогорку Кеңешке 765 млн сом сарпталган", - деп билдирет Каржы министрлиги.

Пикир

Оставить комментарий