• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Былтыр Чүйдө миңден ашык кожолук табигый кырсыктардан корголду

Коом 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Чүй облусунда табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары 2 багытта жүрөт. Биринчи багытта капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

2019-жылга карата болжолдуу планы менен капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүүнү коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштары 24 объектте жасалышы мерчемделген. 12 ай ичинде 7 объектте жумуш жүргүзүлгөн, анын ичинен Сокулук районунда 1 объектте жумуш аяктап, 3 объектте жүрүүдө, Аламүдүн районунда 1 объектте жумуш аяктап, 1 объектте жүрүүдө, Чүй районунда 1 объектте жумуш аяктады.

Натыйжада биринчи багыт боюнча 7 объектиде 60 кожолук жана 47 гектар айыл чарба аянттары, 3 чек ара мамычасы, 1 мүрзө корголду.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты - “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларынын 2019-жылдагы болжолдуу планына 28 обьект киргизилип, 12 ай ичинде облус боюнча 28 обьекте иш-чаралар толугу менен аткарылган. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында 806 турак жай, 12 батирлүү көп кабаттуу үй, 8 сарай,1 кырман, 84 гектар алма бак, 18 гектар айдоо аянты, 1 ЛЭП, 1 мүрзө корголду.

2019-жылга “Жашыл долбоор” иш-чараларын ишке ашыруу боюнча Чүй облусунун аймагында 12 участок бекитилип, көчөт отургузу толугу менен аткарылды. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында 417 турак жай, 2 ЛЭП, 3 мектеп, 2 ФАП, 1 клуб, 1 спорт комплекси корголду.

Жалпысынан Чүй облусу боюнча 47 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 43 объектиде жумуш аяктап, учурда 4 объектиде жумуштар жүрүүдө. Натыйжада жалпысынан 1283 кожолук, 149 гектар чарба үлүш жерлер, 1 көп кабатту үй, 8 сарай, 1 кырман, 1 мүрзө, 3 ЛЭП, 3 мектеп, 2 ФАП, 1 клуб, 1 спорт комплекси корголду.

Пикир

Оставить комментарий