• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Былтыр чет элдик түз инвестициялардын келиши 7,6%га кыскарган – премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек, 12.04.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Чет элдик түз инвестициялардын келиши 570 млн. долларды түзүп, 7,6%га кыскарган. Бул тууралуу КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында өкмөттүн 2018-жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Өкмөт башчысы билдиргендей, ошол эле учурда Кыргызстандан инвестициялардын чыгып кетиши 2017-жылга салыштырмалуу 27,7%га азайган.

Анын айтуусу боюнча, инвестициялардын басаңдашы – бул биздин эле эмес, бүтүндөй дүйнө экономикасындагы маселе. Дүйнөлүк масштабда түз чет элдик инвестициялар 19%га төмөндөгөн. Мисалы, АКШ – 18%га, Бразилия – 12%га Европа – 73%га азайган.

“2018-жылы Кыргызстанга кирген инвестициялардын ичинен Россиядан келген инвестиция – 24,9%га, Нидерландиядан – 64,5%га, Түркиядан – 19,9%га, Швейцариядан келген инвестиция үч жарым эсеге көбөйгөн. Ал эми негизги капиталга ички инвестициялардын көлөмү 25%га өсүп, 21 млрд сомду түзгөн”, - дейт премьер.

Абылгазиев билдиргендей, инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн, кечээ КРнын президенти өз сөзүндө баса белгилеп өткөндөй, бир катар иш-аракеттер көрүлдү: бизнес омбудсмен институту түзүлдү; ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизилди; туруктуу өнүгүү долбоорлорун даярдоочу фонд түзүлдү; электромобилдер бажы алымдарынан бошотулду; машина-трактордук станциялар (МТС), соода-логистикалык борборлор, айыл чарба кооперативдери пайда салыгынан, кошумча нарк салыгынан таптакыр бошотулду ж.б.

Пикир

Оставить комментарий