• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Былтыр чет жерге туруктуу жашоо үчүн кеткендердин саны 2018-жылга караганда 14,3%га көбөйгөн

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Былтыр чет жерге туруктуу жашоо үчүн (же ал жакта узак мөөнөт жашоо үчүн) кеткендердин саны 2018-жылга караганда 14,3%га көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Республикада 2019-жылы миграциялык процесстер, мурдагыдай эле, миграциянын сальдосунун терс көрсөткүчү, башкача айтканда, келгендердин санына караганда башка жакка туруктуу жашоо үчүн (же ал жакта узак мөөнөт жашоо үчүн) чыгып кеткендердин санынын көптүгү менен мүнөздөлдү. 2019-жылы республикага туруктуу жашоо үчүн 1,4 миң адам келсе (1,7 миң адам – 2018-жылы), 7,6 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен (7,1 миң адам – 2018-жылы). Ошентип калктын миграциялык агымы -6,2 миң адамды түздү (-5,4 миң адам – 2018-жылы). Натыйжада, калктын миграциялык агымы 14,3 пайызга көбөйгөн. Ал эми миграциялык агымдын интенсивдүүлүгү (1000 адамга алынган миграциялык баланс) -0,9 адамдан (2018-жылы) -1 адамга (2019-жылы) чейин өстү", - деп айтылат маалыматта.

Өлкөдөн чыгып кетүүнүн интенсивдүүлүгүн эң жогорку деңгээли Чүй облусунда жана Бишкек шаарында (1000 адамга 2,2 адамдан) белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий