• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Былтыр чогултулган 96 миң тонна төө буурчактын 68 миң тоннасы сатылды - Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. 2017-жылы Кыргызстанда 96 миң тонна төө буурчак чогултулган, анын 28 миң тоннасы сатылбай калган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк жана агромаркетинг бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата кыргыз төө буурчагын импорт кылган өлкөлөрдүн саны 20га жетти.

“Учурда төө буурчакты сатып алуу баасы сортуна карата 42ден 65 сомго чейин болууда. Баа дүйнөлүк базар баасы боюнча түзүлөт”,-деп билдирди ал.

Беккулиева кошумчалагандай, Айыр чарба министрлиги ТИМдин башка өлкөдөгү КР элчиликтери тарабынан импортерлорду издөө боюнча иш менен алектенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий