• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Былтыр Эсептөө палатасы 222 айыл өкмөттүн эки жылдык ишине талдоо жүргүзгөн

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Жергиликтүү бюджеттерде каржы тартибин бузуу жосундары жана кадрлардын алмашуусу арбын, абал кыйла оор десек да болот. 2018-жылы Эсептөө палатасы 222 айыл өкмөтүнө текшерүү жасоо менен бирге, алардын эки жылдык ишине талдоо жүргүздүк. Каржы тартибинин бузулушунан улам, жергиликтүү каржы кызматкерлердин арасында өз жанын өзү кыйгандар да бар экен. Менимче, алардын адистигин жогорулатып, эмгек акысын көтөрүү зарыл. Бул тууралуу Улукбек Марипов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

Депутат Зиядин Жамалдинов айыл өкмөттөрүнө борбордон адистерди тартып, алар тажырыйба топтогондон кийин Финансы министрлигине же Экономика министрлигине жумушка орношуусуна кандайдыр бир жеӊилдиктер каралышы керектигин белгиледи. «Айыл өкмөттөрүнө бюджеттен каражат бөлүнөт, бухгалтерлер аны туура эмес жумшагандан соӊ, кайра ордун толтура алышпайт. Муну байкап калган укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларды коркутуп, калган бюджеттик каражаттарды кагып кетип жатышат», - деди ал.

Эсептөө палатасынын төрагасынын пикиринде, өлкө аймактардагы каржы тартибинин сакталышы үчүн көп жылдардан бери создугуп келаткан административдик-аймактык реформаларды жүргүзүп, айыл өкмөттөрүн ирилештирүү менен, жергиликтүү каржы кызматкерлеринин адистиги менен маянасын көтөрүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий