• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Былтыр кесиптик лицейлер 19,6 миңден ашуун бүтүрүүчүнү даярдашты

Билим 0

Бшикек, 11.02.22. /Кабар/. 2021-жылы кесиптик лицейлер 19 миң 620 бүтүрүүчүнү даярдашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

3 796 бүтүрүүчү окууну «Коомдук тамактануу» багыты боюнча аяктады, 3 741 – «Жер транспорту», 3 082 – «Тигүү өндүрүшү», 2 424 – «Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы», 1 811 – «Металл жана башка материалдарды механикалык иштетүү», 986 - «Курулуш, монтаждоо жана оңдоо-курулуш иштери», 961 - «Тейлөө чөйрөсү», 692 - экономиканын бардык тармактары үчүн жалпы кесиптер боюнча, 589 - «Маалыматтык-байланыш технологиялары», 434 - «Электрчордон, электр жана байланыш тармактарынын жабдууларын иштетүү жана оңдоо», 216 - «Көркөм, зер, кол өнөрчүлүк өндүрүшү», 144 - «Жыгач иштетүү өнөр жайы», 130 - «Темир жол транспорту», 116 - «Тоо-кен өнөр жайы», 110 -эксперименталдык, 94 - «Полиграфия өндүрүшү», 68 – «Тамак-аш өнүмдөрүн өндүрүү», 65 – «Жол курулуш машиналарын иштетүү, тейлөө жана оңдоо», 58 – байланыш кесиптери. Эң аз «Бут кийим өндүрүшү» багыты боюнча – 21 киши, «Слесардык жана слесардык-монтаждоо жумуштары» - 35, «Туризм» - 36 бүтүрүүчү аяктады. Кесиптик лицейлердин кыска мөөнөттүү курстарында 11 бүтүрүүчү билим алган.

Кыздар арасында 2 799 бүтүрүүчү «Тигүү өндүрүшү», 2 095 – «Коомдук тамактануу», 580 – «Жер транспорту» багыттары боюнча окуусун аяктаган. Эркектер арасында 3161 бүтүрүүчү «Жер транспорту», 1 969 - «Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы», 1 775 - «Металл жана башка материалдарды механикалык иштетүү» адистиктери боюнча окуусун аяктады.

Пикир

Оставить комментарий